АСКЕР КИЙИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕР КИЙИМДЕРИ– аскер кызматчылары үчүн арналган атайын форма кийимдеринин жалпыланган аталышы; алар өңү, бычылышы, айырмалоо белгилери ж. б. б-ча өзгөчө айырмалоочу белгилерге ээ. КРдин Kopгoo министрлигинин, ИИМдин Ички аскерлеринин, Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК), УККнын Чек ара аскерлеринин, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу ж-a өрткө каршы кызматынын, Адилет министрлигинин Күзөт, конвой менен коштоо ж-a кылмыш-жаза аткаруу системасы департаментинин, Жогорку сотунун, Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары аскер кийимдерин кийишет. КРдин аскер кызматчыларынын аскер кийимдерине: баш кийим (фуражка, кулакчындуу тумак, пилотка, берет); тыш кийим (күрмө, пальто, плащ, мундир, кител, шым); пуловер, свитер, жакет, блузка, сырт көйнөк, юбка, галстук, кашне, аксельбант; бут кийим (ботинка, туфли, өтүк), о. эле аскер шаймандары кирет. Жогорку офицердик курамда, офицерлер, прапорщиктер ж-a мөөнөттүү аскер кызматчыларында, аял аскер кызматчыларында А. к-н кийүүдө айырмалар бар.
Э.Ы. Кадыров.