АРТРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРТРОЗ (гр. arthron – муун) – муундун өнөкөт оорусу. Ал эндокриндик бузулуу, муун травмасы, организмдеги зат алмашуунун бузулушу, өтө семирүү, о. эле муундарга дайым күч келгенден (бийчилерде, спортчуларда ж. б.) пайда болот. Тар бут кийим да А-дун себеби болушу мүмкүн. А. ири (тизе, жамбаш, чыканак, кызыл ашык) жана майда муундарды, анын ичинде омурткаларды (спондилоартроз) жабыркатат. Мында сөөктөрдүн муунга бириккен учундагы кемирчек бузулуп, жукара баштайт, о. эле сөөк тканы жана муун баштыкчасынын ички бети бузулуп, кээде сөөк өсөт. Белгилери – муундар мезгили менен ооруйт. Айрыкча өтө күч келгенде же узакка кыймылсыз абалда болгондо оору күчөйт, муундун кыймылы азаят. Муундар шишимик тартып, ага тийгенде ооруйт, бүккөндө, сунганда кырсылдайт. Муундун формасы өзгөрүп, ири муунда суюктук толушу мүмкүн. Дарылоо кайсы муундун жабыркаганына жана оорунун абалына жараша жүргүзүлөт. Организмдеги зат алмашуу процессии калыбына келтирүү жана жабыркаган муунга күч келтирбөө керек. Кээде хирург. операция талап кылынат.