АРСTАH

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:33, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРСТАН (Leo) – мышык сымалдар түркүмүнө кирүүчү ири жырткыч айбан. Дене уз. 91- 317 см, куйругу 70-114 см, салмагы 91-390 кг. Тулку бою узун, башы чоң, кулагы кичине, буттары тулкусуна салыштырмалуу кыска, жоон, тырмактары ичине кирип турат. Денеси кыска жүн менен капталган. А-дын эркегинин баш, моюн, көкүрөк бөлүгү сапсайган узун жүндүү.

АРСTАH 28.png


Түсү бир өңчөй, күрөң сары; балдары темгилдүү. Боздоң жана саваннада кеңири таралган, ал үйүр түзүп жашайт. Көпчүлүк учурда түнкүсүн аң уулоого чыгат. А-дын үйүрүндө азыгын ургаачысы табат, ири жаныбарларга кол салат. Ал 2 жылда бир жолу 1-6, чанда 7ни тууйт. А. зоопарктарда багылып, тукумдай алат, оңой үйрөтүлүп циркте ойнотулат, 25-30 ж. жашайт.