АРМСТРОНГ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРМСТРОНГ--Нил (Armstrong) (1930-ж. т., Огайо штаты, Уапаконета ш.) – АКШнын учкуч-космонавты. 1955-ж. Пердью ун-тин (Индиана штаты, Лафайетт ш.) бүтүргөн. Айдын бетине биринчи кадам койгон адам. Аскер-деңиз флотунун офицери, кийин Льюис изилдөө борборунда учкуч-сыноочу. 1962-жылдан АКШнын космонавттар тобунда болуп, 1966-ж. 16-мартта «Джемини-8» космос корабли менен Д. Скотт экөө космоско учкан. А. 1969-ж. июлда «Аполлон- 11» корабли менен (экипаждын мүчөлөрү: Э. Олдрин, М. Коллинз) дүйнөдө биринчи жолу Айга учуп, 20-июлда ага барып конгон. 21-июлда Ай бетинде (Олдрин менен) 31 мин 40сек болгон. Жерге 24-июлда кайтып келишкен. Айдагы бир кратер анын ысымы менен аталган.