АРКАК ТYPГҮЧ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРКАК ТҮРГҮЧ МАШИНАаркак жибин чыгырыкка түрүүчү машина. Токуучу машинанын ийигине чыгырык кийгизилет да, эки кыскыч менен кысылат. Ийик айланганда чыгырык кошо айланып, аркак жибин түрөт. Аркактын чыгырыкка текши түрүлүшү атайын механизм менен жөнгө салынат. Жип чыгырыкка түрүлүн бүткөндө же үзүлгөндө, чыгырык өзүнөн өзү токтойт. Жиптин жоондугу атайы орнотулган прибор менен текшерилип турат.