АРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГОН (лат. Argon), Аг – элементтердин мезгилдик системасынын VIII тобундагы хим. эле­мент; инерттүү газ. Катар н. 18, ат. м. 39,948. Үч изотобу бар: Аг36 (0,337 %), Аг38(0,063 %), Аг40 (99,600 %). Сырткы электрондук конфигурациясы 3s2 Зр6. А. инерттүү газдардын ичинен эң көп таралганы; атм-да көлөмү б-ча 0,933%. Молекуласы бир атомдуу, түссүз, жытсыз. Кайноо t -185,29°С, тыгыздыгы 0,001784 4 г/см3. Орг. эритмелерде сууга караганда жакшы эрийт. 1894-ж. Дж. Релей жана У. Рамзай ачкан. А. абаны өтө муздатып бөлүүдөн алынат. Байытылган А. аралашмасынын курамында 40% ке жакын кычкылтек болот. Аны бөлүүчү аспаптан өткөргөндө 95%түү А. алынат. Андан ары тазалоо гидриддөө, адсорбциялоо ж. б. жол менен ишке ашат. А. металлургияда, металл иштетүүдө, жарым өткөргүч аспаптарды даярдоодо, хим. синтезде, люминесценттик лампаларда, ядролук техникада ж. б. кеңири колдонулат.