АРГАСЫЗ ЗАРЫЛДЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:24, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГАСЫЗ ЗАРЫЛДЫК– жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. А. з. абалында, б. а. ушундай кырдаалга туш болгон адамдын же башка адамдардын инсандыгына же укуктарына, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн укук менен корголуучу таламдарга зыян келтирүү, эгер бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга мүмкүн болсо, келтирилген зыян тартылбаган зыяндан кыйла аз болсо, кылмыш деп табылбайт. Жазык кодексинде каралган эки топко бөлүнгөн бир катар шарттар аткарылышы зарыл. Би­ринчи топ – олуттуу коркунучтун булактары: а) табигый күчтөрдүн аракетинен (жер титирөөдөн, селден, суу ташкынынан, өрттөн ж. б.), адамдардын, механизмдердин, айбанаттардын аракетинен жана кыймылынан болушу; б) олут­туу коркунучтун тикелей жана шексиз болушу зарыл. Экинчи топ – олуттуу коркунучту жоюу­га болгон аракеттенүү шарттары: а) олуттуу кор­кунучтун башка жол менен жоюлбашы; б) корголуп калган таламдар зыян келтирилген таламдарга караганда кыйла баалуу жана маанилүү бо­лушу ж. б. Ушул себептен А. з. кылмыш өлчөмдөрүнүн белгилерине туура келсе да, кылмыш болуп эсептелбейт. А. з-ка дуушар болгон адам­дын аракетинде кылмыштын эң негизги белгиси – коомго коркунучтуулугу жок.
К. Бодобоев, К. Курманов.