АРАМЗА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМЗА ТООСУ– Суусамыр тоосунун түн. тармагы. Арамза жана Суусамыр сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34-36 кмге созулуп жатат. Туурасы 7-9 км. Орт. бийикт. 3300-3600 м, эң бийик жери 3892 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колот, өрөөндүү. Тоонун бийик бөлүгү ордовиктин гранит интрузияларынан, Суусамыр өрөөнүнө караган жапыз бөлүгү палеоген менен неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Талаяжана шалбая (2800-3000 жге чейин), андан жогору альп шалбаясы, субниваль жана ниваль ландшафттары басымдуу. Жайыт.