АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЫКТЫ АНЫКТАГЫЧ– аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты оптиканын жардамы менен автоматтык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык А. а. менен аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон (к. чийме)тең капталдуу үч бурчтуктун (ABC) бийиктигин табуу маселесине негизделген


АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ 39.png

. Ал артиллерияда, фотоаппараттар­да жана геодезияда колдонулат. Аралыкты ра­дио жана жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы б-ча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук жана жарыктык А. а. деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда ж. б.) пайдаланылат.