АРАБДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:18, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (6), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (19), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАБДАР (өздөрүн аль-араб деп аташат) – Жакынкы Чыгыш жана Түн. Африка мамлекеттеринде жашаган семиттик этно-лингвистикалык топтогу эл­. Саны 430–450 млндой киши (2010). Арабча сүйлөшөт жана араб жазуусун колдонушат. Дини – ислам. Мусулман-сунниттер басымдуулук кылат, христиан А. (Ливан православдары жана марониттер, Ливан, Сирия, Иордания мелькиттери) жана мусулман-шииттер (Иран, Ирак, Сирия, анын ичинде друздар жана нусайриттер, Ливан, Кувейт, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы, Йеменде, ибадиттер Түн. Африка жана Персия булуңундагы араб өлкөлөрүндө) да бар. Эң көп арабдар Азияда жана Африкада жашашат. Африкада: мавританиялыктар (Мавритания), сахаралыктар (Батыш Сахара), марокколуктар (Марокко), алжирликтер (Алжир), тунистиктер (Тунис), ливиялыктар (Ливия), судандыктар (Судан), египеттиктер (Египет), шува (Нигерия, Чад, Камерун, Борб. Африка Респ-сы, Судан); Азияда: палестиналык А. (Палестина тургундары, Иордания, Ливан, Сирия ж. б. өлкөлөрдөгү качкындар), израилдик А. (Израиль), ливандыктар (Ливан), иорданиялыктар (Иордания), сириялыктар (Сирия), ирактыктар (Ирак), ахваздар (Иран), кувейттиктер (Кувейт), бахрейндиктер (Бахрейн), эмираттыктар (БАЭ), йемендиктер (Йемен), катарлыктар (Катар), омандыктар (Оман), саудовдуктар (Сауд Арабиясы). Мындан тышкары А. Түркия, Өзбекстан, Афганистан, Индонезия, Индия (гуджараттык А.), Пакистан (пакистандык А. ирактык А.), Сингапур, Филиппин ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. О. эле Батыш Европада, Россияда, Түн. жана Түш. Америкада, Англияда, Батыш жана Түш. Африкада, Австралияда, Японияда, Түш. Кореяда, Малайзияда, Монголияда эмигрант А. да бар. алардын көпчүлүгү Францияда (6–8 млн).

АРАБДАР 25.png

А-дын ата-бабалары ката­ры Аравия ж. а-нын байыркы уруулары (бедуиндер) эсептелет. 7-к-да ислам дининин пайда болушу жана Араб халифатынын түзүлүшү менен Аравиянын мурдагы чачкын урууларынын биригүүсүнө алып келген. 7-к-дын башынан А-дын басып алуулары башталып, отуз жылдын ичинде Сирия, Палестина, Египет, Иран, О. Азия, Закавказье жана Түн. Африканы каратып алышат. А-дын эң зор мамлекети – Араб халифа­ты түзүлүп, Атлантика океанынан Индияга, О. Азиядан Борб. Африкага чейинки мамлекеттерге үстөмдүк кылган. Азыркы А-дын этникалык негизин жеңип алган өлкөлөрдүн байыркы калктары арамейлер, финикиялыктар, египеттиктер, ливиялыктар менен аралашуусунун натыйжасында түзүлгөн. Кийин Араб халифаты кулап, анын ордуна бир катар араб мамлекеттери: Палестина, Сирия, Ливан, Ирак, Египет жана Түн. Африка өлкөлөрү пайда болгон. 19-к-да Осмон империясынын кулашы, 20-к-да европалык колониячыларга каршы улуттук-боштондук күрөш А-дын саясий боштондугуна жана улут­тук биримдиктин чыңдалышына алып келди. А. үч чоң топко бөлүнөт: көчмөн малчылар (бедуиндер), дыйкан фермерлер (феллахи), айыл жана шаар тургундары. Мындан тышкары дарыя дельталарында, Кызыл, Жер Ортолук деңиздеринин жээгинде жашап, балык уулоо менен алектенишкен А-дын бир нече чакан тобу. Көчмөн жана жарым көчмөн А. – бедуиндер мал чарбачылык (негизинен төө багышкан) менен кесип кылып, кара жүндөн жасалган (көбүнчө эчкиники) чатырларда, ал эми отурукташкан А. дыйканчылык менен кесиптенишип, сырты дубал менен курчалган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. А-дын арх-расы жана жасалга-колдонмо өнөрү өтө өнүгүп, дүйнөлүк мад-тка зор таасирин тийгизген. А. фута (кенен белдемчи), жеңсиз, кенен кемсел, узун көйнөк кийишип, эркектери башына чалма оронушат. Аялдары асем кооздук буюмдарды тагынышып, көпчүлүк жерлерде жүзүн жаап жүрүшөт, денесине сүрөт чектирип, боёп да алышат. Бедуиндердин тамак-ашы – төөнүн сүтү, күрүч, арпа, буудай, таруу жана жүгөрү наны, о. эле курма. Майрамдарда эт азыктарын пайдаланышат. Бедуиндердин жакшы көргөн суусундуктары – чай жана кофе. Мусулман А. ислам эрежелерин сакташып, ыйык рамазан айында орозо кармашат, о. эле алкоголдук ичимдиктерге жана чочко этине тыюу салынган.
Ш. Керимова.