АРА-БЕЛ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:16, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРА-БЕЛ АШУУСУ Тескей Ала-Тоонун жана Жетим-Бел кырка тоосунун кошулган жеринде. Бийикт. 3822 м. Айланасындагы мөңгүлүү чокулардын бийикт. 4000-4500 мге жетет. Ашуу байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Ашуудан Ара-Бел жана Буркан суулары башталат. Барскон – Ак-Шыйрак автомобиль жолуна жакын (6 (6 км). Ашуу аркылуу Жети-Өгүз р-нунун малы сыртка ашырылат.