АР-НАМЫС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:16, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АР-НАМЫС– адамдын эл жана коом алдында өз кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип, ойлогону менен кылганын адамгерчилик абийири менен баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш. А. – адамдын жүрүш-турушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, нравалык фактор. Моралдык нормалар менен эрежелерди, коомдук парзды аткаруу А.-н-ка байланыштуу. Коомдук максат менен мүдөө – А.-н-тын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү А.-н-туулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин А.-н. кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты А.-н-тын тазалыгынан көрүнөт.