АНТИФРИЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИФРИЗДЕР (анти ... жана англ. freeze – тоңуу) – ОоСден төмөн темп-рада иштөөчү ичинен

�ыймылдаткычтарды жана ар кандай түзүлмөлөрдү муздатууда колдонула турган төмөнкү темп-рада тоңуучу суюктуктар. А. жогорку жылуулук сыйымдуулук, жылуулук өткөрүмдүүлүк, кайноо жана от алуу темп-расынын өтө жогору болушу; төмөнкү темп-рада начар илешкектиги, буу басымынын жана көбүрүүсүнүн төмөндүгү ж. б. касиеттерге ээ. А. муздатуу системасынын тетиктерин дат бастырбайт, шланг жана төшөлмөлөр жасалган материалды жеп жибербейт. Этиленгликоль, глицерин, айрым спирттер ж. б. орг. кошулмалар, о. эле кээ бир туздардын (мис. хлордуу кальций) суудагы эритмелери ушундай касиетке ээ. Дат бастырбаган фосфор кычкыл натрий кошулган, тоңуу темп-расы -75°С, этилен-гликолдун суудагы эритмеси (66,4% и этиленгликоль жана 33,3 %и суу) сапаттуу А. болуп эсептелет. Мындай эритмелер тоңгондо көлөмү чоңойбойт, ошондуктан А. тоңгон түтүктөр жана радиаторлор системасы жарылып кетпейт. А-дин фосфор кычкыл натрийлүү этиленгликолдуу 40 жана 60 маркасы (тоңуу темпрасы тиешелүү түрдө -40°С жана -60°С) жана молибден кычкыл натрийлүү 40 м маркасы бар.
Ад.: Моторные и реактивные масла и жидкости, под ред. К. К. Папок и Е. Г. Семенидо, 4 изд., М., 1964; Бобров Н. Н., Воропай П. И. Применение топлив и смазочных материалов, 2 изд., М., 1968.