АМФИБОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– тоотектерди түзүүчү минералдардын тобу. Алар жаратылышта кеңири А. таралган. А. роговая обманкалуу габбро, диорит, амфиболит, горнблендит, амфиболдуу сланец сыяктуу магмалык жана метаморфизмделген тоотектердин көпчүлүк курамын түзөт. Өңү курамындагы темирдин өлчөмүнө жараша түссүз, жашыл кара. Катуулугу Моос шкаласы б-ча 5- 6. С. салм. 3,1-3,3. Кристаллографиялык түзүлүшү менен хим. курамына карай ромбалуу жана моноклиндүү А. болуп бөлүнөт. Ромбалуу А-го - антофиллит, моноклиндүү А-го – тремолит, актинолит, роговая обманка, глаукофан жана арфведсониттер кирет. А. геол. кубулупггардын таасиринен бузулуп, хлорит, эпидот, монтмориллонит, карбонаттарга ж. б. минералдарга айланат. А-дун асбест деп аталган түрү к-таларга туруктуу жана отко чыдамдуу болгондуктан хим. өнөр жайларда кеңири пайдаланылат.