АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:47, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМУ-ДАРЫЯ НЕФТЬ-ГАЗ БАССЕЙНИ – нефть жана күйүүчү газ кендери жаткан ири аймак.Түркмөнстандын борб. жана чыгыш, Өзбекстандын батыш, Афганистан менен Ирандын түн. бөлүктөрүндө 420 миң км2дей аянтты ээлейт. Алгачкы газ кендери 1953-ж. Түркмөнстанда (Сеталан-Дөбө), 1960-ж. Афганистанда (Етымтаг),1968-ж. Иранда (Хангиран) табылган. 200дөн ашуун нефть жана газ кендери белгилүү (2005). Алардын негизгилери:Түркмөнстанда – Шатлык, Даулетабад-Донмез, Байрам-Али, Ачак, Саман-Дөбө, Орто-Булак .б.;Өзбекстанда – Газлин;Афганистанда – Кожо-Гугердаг, Жаркудук ж. б.;

Иранда – Хангиран юра жана мезгилдеринин газ-нефтилүү терриген жана карбонат чөкмө тек катмарлары 0,2-4 км тереңдикте Аму-Дарыя синеклизасын түзүп жатат. Газ кургак, метандуу,курамындагы N2 5%ке чейин, СОа – 4%, айрым H2S–6%. Нефть майда бүртүкчөлүү, парафиндүү (13% ке чейин), тыгыздыгы 770 – 900 кг/м3.