АМОРФТУК ЗАТТАР
Jump to navigation
Jump to search
АМОРФТУК АБАЛ – ички түзүлүшү б-ча бөлүкчөлөрү баш аламан, иретсиз жайгашкан катуу заттар. Мис., айнек, фарфор, чопо ж. б. А. з-дын айрымалаган эң негизги касиети изотроптук касиет, б. а. анын физ. касиеттери: жылуулук өткөргүчтүүлүгү, бышыктыгы ж. б. бардык багыттар б-ча бирдей болушат. А. з-дын белгилүү эрүү темп-расы болбойт, алар темп-ранын жогорулашы менен жумшарын барып, темпранын кандайдыр интервалында эрийт.