АМИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Хафиззулла (1. 8. 1929, Пагман, Кабулга жакын, Афганистан эмираты – 12. 12. 1979, Кабул) – Афганстандын саясий жана мамл. ишмери. Элдик-демокр. Хальк партиясынын мүчөсү болгон. 1978-ж. апр. рев-ясынан кийин бийлик Хальк партиясынын колуна өткөн соң, жарандык со-гуш башталган. Анын жүрүшүндө А. премьер-министр жана коргоо министри болуп калган. Афганистандагы окуяларга АКШ жана Советтер Сою-зу кийлигишип, көзөмөлдөп турган. Москванын көрсөтмөсү менен мамл. башчысы Н. М. Тараки А-ди кызматтан четтетүүнү көздөгөн. Бирок, бул тууралуу кабардар болгон А. 1979-ж. мамл. төңкөрүш уюштуруп, Тараки камакка алынган жана А-дин жактоочулары тарабынан өлтүрүлгөн. АКШнын колдоосуна таянуу менен А. өзүн Афганистандын президенти деп жарыялаган. «Социализмди» тезинен куруу курсун жарыялап, Афганистандын элдик-демокр. партиясынын катарындагы өзүнүн оппоненттерине каршы репрессия уюштурган. Бирок, мамл. төңкөрүш жана Таракинин өлүмү өлкөдө баш-аламандыкты пайда кылып, Афганистанга сов. аскерлер киргизилген. А. президенттик сарайды штурмалоо учурунда (1979-ж. 27-декабрда) өлтүрүлгөн.