АМЕРИКАЛЫКТАР –

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (9)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

1) АКШнын негизги калкы. АКШнын жашоочулары А. деп аталат, бирок бул термин дээрлик бүтүндөй батыш жарым шардын жашоочуларын билдирет. Жалпы саны 307, 9 млн адам (2009). 40 млнго жакыны иммигранттар. Амер. топтор АКШнын холдингдеринде жана аймактарында (мис., Пуэрто-Рико жана Гуам ж.б.), о. эле Европа, Канада, Мексика жана Россияда жашашат. А. америка вариантындагы англис тилинде сүйлөшөт. Алардын көпчүлүгү протестанттар (баптисттер, методисттер), о. але католиктер, иудаисттер, мусулмандар. 16-к-да Европадан испандар, англичандар, француздар, голландиялыктар ж. б. Түн. Америкага көчүп барып отурукташып, жерг. индейлерди чет жакаларга сүрүп чыгарышкан. 18-к-дын аягында амер. улуттун негизин англ. колониячылдардын урпактары түзгөн. 19-к-дын 1-жарымында АКШда иммиграция күчөгөн, европалыктар, өзгөчө Ирландия, Франция ж. б. өлкөлөрдөн келгендердин саны өскөн. 1846-48-ж-дагы Америка-Мексика согушунан кийин мексикалыктар, 1861–65-ж-дагы жарандык согуштан кийин афроамерикалыктар, 20-к-дын башталышында индейлер А-дын курамына кирген. 1860-ж. иммигранттар АКШнын калкынын 13-14% ин түзсө, 1910-ж. 40% ке жакынын түзгөн. Аларга каршы 20-к-дын 20-ж. иммиграциялык тыюу салуучу мыйзамдар чыгарылган. 1-дүйнөлүк согуштан соң иммигранттардын саны кескин кыскарып, аларга ар тараптан кысымдар көрсөтүлө баштаган. Ушуну менен АКШ аймагына эркин кирүү доору аяктаган жана ассимиляция процесси терендеп, этностор аралык консолидация күч алган. Бүгүнкү күндө А. ар түрдүү расадагы этностордон куралган, жалпы улуттук патриоттук

сезими күчтүү калк катары саналат. Азыркы А-дын көпчүлүгүн (69%) европалыктар (немецтер – 15,2%, ирландиялыктар - 10,8%, англичандар – 8,7%, италиялыктар – 3%) түзөт, о. эле Америкадагы эң чоң расалык топ испан-америкалыктар: мексикалыктар (7,3%), пуэрторикалыктар (1,2%), кубалыктар (0,4%) ж. б. Алардын көпчүлүгү АКШнын түш. жана батыш бөлүгүндө, Калифорнияда жана Техаста (50%) жашашат. «Кара» А. (афроамерикалыктар) түш.
штаттарда элдин 12,3% ин түзөт. Азиялыктар
АМЕРИКАЛЫКТАР – 46.png

менен аралашуусунун негизинде келип чыккан А. 10,2 млн, кытайлар (2,4 млн), филиппиндер (1,8 млн), индиялыктар (1,7 млн), вьетнамдар (1,4 млн), кореялыктар (1 млн), япондуктар (796 миң адам) ж. б. Алар АКШнын Калифорния жана Гавайи штаттарында жашашат.

АМЕРИКАЛЫКТАР – 47.png

Индейлер (чирок, навахо, чокто, сиу, оджибве – чиппева ж. б.) жана Аляскалык аборигендер (эскимос, алеуттар) – 2,5 млн адам; индейлер АКШнын түштүгүндө элдин санынын 31% ин жана батышында 43%ин түзөт, мындан сырткары шотландиялыктар (4,9 млн), норвегиялыктар (4,5 млн), арабдар (1,2 млн), чехтер (1,2 млн), датчандар (1,4 млн), голл. (4,5 млн), орустар (2,6 млн), украиндер (0, 9 млн) жашашып, өнөр жайларда, тейлөө тармактарында, ил. мекемелерде ж. б. иштешет. Улуттук майрам катары Эгемендүүлүк күнү (4-июль), Энелер күнү (майдын 2-жекшембиси) ж. б. майрамдалат. 2) Америка континентинде жайгашкан өлкөлөрдүн калкы да америкалыктар деп аталат.