АМАЛЬГАМА
Jump to navigation
Jump to search
АМАЛЬГАМА (соңку лат. amalgama – куйма) – сымаптын металлдар менен кошундусу. Аны бөлмө темп-расында же ысытканда сымал катодунда металлдын электролит жолу менен бөлүнүшүнөн ж. б. ыкмалар аркылуу алууга болот.
А. металл буюмдарды алтын менен каптоодо, күзгү даярдоодо, тиш каптоодо пайдаланылат. Металлургияда А. асыл жана айрым сейрек (In, Ga, Tl)металлдарды өндүрүүдө аралык продукт болуп эсептелет. Курамындагы сымап уу болгондуктан А. өтө аз колдонулат.