АЛТЫН ЖАЛАТУУ
Jump to navigation
Jump to search
– арх-ралык фрагменттерди (капитель, консоль ж. б.) же буюмдарды
алтындын буусу менен боёо. А. ж. төмөнкү
ыкмаларда аткарылат: «муздак» А. ж. (алтын
чад бүртүкчөлөрүн сүртүү); алтын амальгамасы (алтын менен сымаптын кошундусу) менен
А. ж. (бул жол менен Санкт-Петербургдагы Исаакий соборунун мунарасы капталган); «оттуу»
А. ж. – амальгама менен жабылган сүрөттү ысытуу (Суздалдагы Теңир эненин соборунун түш.
жана батыш эшиктери кооздолгон); «барактык»
А. ж. – алтындын гальваникалык жол менен
алынган жука баракчаларын чаптоо.