АКЫН
‒ ыр жазган, о. эле дароо төгүп ырдаган адам; чыг-лык табияты, керемети бийик, устатчылыгы даана таанылган кезде эл тарабынан бериле турган эӊ жогорку атак, наам. «Ырчы» деген сөзгө маанилеш. Кыргыз ж-а казак элдеринде импровизация түрүндө ыр жараткан төкмө ырчыларды А. деп аташат. Алар ырды эч кандай даярдыксыз, оозеки түрдө дароо жаратат, ырга ылайыктуу обону болот. Обонду ал комуз күүсүнүн коштоосунда аткарат. Демек, А-дын чыг-лыгы, баарыдан мурда, синкреттүү иск-во болуп эсептелет. Кыргыз ад-тында акындар поэзиясынын байыртадан келаткан туруктуу салты бар. Абалтан А-дар көрөгөч, акылман, чечендер м-н теӊ катарда туруп, эл башкарган хан, бектерге акыл кошуп, кеӊешчилик, уруулардын чырын басып, элчилик милдетти аткарган учурлар да кездешет. А-дар чыг-лыгы бир эле мезгилде элдик театрдын, көркөм ад-ттын, фольклордун, тарыхтын да ролун ойноп келген. Кыргыз А-дарынын чыг-
лыгын, өмүр жолун, коомдук-социалдык абалын эӊ биринчи кеӊири масштабда изилдеген Тазабек Саманчин А-дарды чыг. өзгөчөлүктөрүнө карай: 1) нускоочу акындар; 2) жамакчы акындар; 3) жомокчулар; 4) куудул сөз устаттары деп төрт топко бөлгөн. А-дар баамчыл, ойчул, сүрөткерлик сыяктуу сапаттарды күткөн; өнөрдү оозеки кабыл алып, калыптандырып, турмушта учураган, көзү көрүп турган бардык көрүнүштөрдү көркөм шыдыр ырга айланткан. Алардын мурункудан кийинкиге, устатынан шакиртине өткөн мектеби болгон. Ал өнөрдүн эӊ байыркы түрлөрүнө кирип, көптөгөн доорлордун чыг-лыгын камтыгандыгы м-н баалуу. Төкмө А-дар Жеӊижок, Эшмамбет, Барпы, Осмонкул, Токтоналы, Ысмайыл ж. б., Балык, Сагынбай, Найманбай ж.б. төкмөлүк м-н «манасчылык ты» жупташтырган. Төкмөлүк м-н комузчулук ту өнөр туткандарга Музооке, Айдаралы, Коргол; төкмөлүк, күүчүлүк, обончулук, айтуучу, аткаруучулук өнөрдү аркалагандарга Арстанбек, Токтогул, Калык, Алымкул ж. б. кирет. Санатчы же нускоочу А-дар өзүлөрү жашаган тарыхый доорун чагылдырып ырдашкан жана ага «Замана» поэзиясынын өкүлдөрү Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо; ашыктык сыяктуу ар кыл тематикадагы ырларды, турмуштук көрүнүштөрдү санат, терме кылып ырдашкандарга Молдо Нияз, Калмырза, Найманбай, Айтыке, Чоӊду, Нурмолдо, Эсенаман, Эшмамбет, Тоголок Молдо, Барпы, Осмонкул; айтуучу-манасчыларга Келдибек, Балык, Нармантай, Тыныбек, Чоюке, Сагынбай; дастанчы айтуучуларга Токтогул, Калык, Саякбай, Актан, Сулайман Конокбай уулу, Алымкул, Сарыкунан мисал. А-дык өнөр ашыктык ырларындай чакан лирикалык ырларды, айтыш өнөрүн, арман-кошокторду, көлөмдүү эпосторду камтыйт. Кыргыз эли жазма ад-тка өткөндөн кийин «А» термининин мааниси кеӊейип, орусча «поэт» деген маанини алып, ыр жазган, көбүнчө ыр жазууну кесип кылган адамдар да А. деп аталып калды.
Ад.: Юдахин К. К. О киргизском термине «акын». Сб. статей Академику Гордлевскому. М., 1953; Ысмаилов Е. Акындар. А., 1965. А. Обозканов.