АЛЕЧ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕЧ МӨҢГҮСҮ ‒ Швейцарияда Альп тоолорундагы мөӊгүлөрдүн эӊ чоӊу. Аянты 87 км2, уз. 24,7 км. Тармактанган өрөөн мөӊгүсү. Берн Альп тоолорунан түш. жана түш.-батышка карай түшүп, Рода д-нын өрөөнүндө мөӊгүнүн этеги 1520 м бийиктикке чейин жетет. Туризм өнүккөн; темир жол 3500 м бийиктикке чейин барат; асма жол, мейманканалар бар.