АЛЕУТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(өздөрүн у н а н г а н, у н а н г а с деп аташат) ‒ Алеут а-нын (АКШ) жерг. кал­кы. Аляска ж. а-нын түш. батышында, Рос­сиянын Командор а-нда да жашашат. АКШда 2300, РФте 482 киши (2010).

АЛЕУТТАР55.png

Алеут тилинде сүйлөшөт. А-дын ата-бабалары болжол менен 10‒12 миӊ жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут а-на отурукташкан. Алеут а. орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жерг. тур гундарды А. деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-ж. документтерде кездешет. 1799‒1867-ж. Алеут а-н орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-ж. Россия тарабынан Алеут а. жана Аляска ж. а. АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-к.) А. деӊиз жаныбарларына (деӊиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аӊчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деӊиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деӊиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деӊиз жаныбарлары нын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-ж. Россияда Камчатка обл-нда Алеут улуттук р-ну, 1970-ж. АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чар бачылыктын жаӊы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.