АЛГЫР КУШТАР
АЛГЫР КУШТАР ‒ аӊ уулоо, ар кандай илбээсиндерге салуу үчүн, мүлүшкөрлөр тарабынан атайын тапталган кыраан куштардын жалпы атамасы. Аларга шумкар, ылаачын, жагалмай, ителги, бүркүт, карчыга, кыргый, турумтай ж. б. кирет. Булардын ичинен: бүркүт, жагалмай, турумтай, кыргый ‒ ш ы п ы р ы п а л у у ч у л а р; ителги, ылаачын ‒ т е б ү ү ч ү л ө р. Кыраандардын тумшуктары ичтерине ийрейип, текөөрлөрү сыртына чыгып, чалгындары тикендешип, өздөрү жүрөктүүлүгү, шамдагайлыгы менен башка куштардан айырмаланат.
А. к. оокат кылуу (аӊ алдыруу, илбээсин карматуу ж. б.) максатында, о. эле зоокчулук (көӊүл ачуу, тамаша куруу) үчүн да пайдаланылган. А. к. тартуу жана кыздын себине, калыӊга башат катары да берилген. Азыркы учурда А. к-ды салуу улуттук спорт оюнунун бир түрүнө айланды. А. к-дын ичинен бүркүт менен карчыга азыр да тапталып, ууга алып чыгышат.