АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (7)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ КООМДОГУ ИСКУССТВО ‒ алгачкы коомдук түзүлүш дооруна таандык искусство. Б. з. ч. 40‒30-миӊинчи жылдар ченде соӊку палеолитте аӊчылардын турмуштук керектөөлөрүн жана ой-пикирлерин чагылдыруу (жөнөкөй турак жайлар, жаныбарлардын үӊкүрдөгү сүрөттөрү, аялдардын статуэткалары) аркылуу келип чыккан. Неолит жана энеолит доорунда дыйкандар менен малчыларда жамааттык жайлар, мегалиттер, түркүктүү курулуштар пайда болгон. Бул учурда сүрөт абстракттуу түшүнүктөрдү бере баштаган оймо-чийме өнөрү өнүккөн. Неолит, энеолит, коло доорлорунда Египет, Индия, Алдыӊкы, Орто жана Кичи Азия, Кытай, Түш. жана Түш.-Чыгыш Европада жашаган урууларда дыйканчылык мифологиясы менен байланыштуу искусство калыптанган (оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, скульптура). Түндүктөгү токой аӊчылары жана балыкчылар аскаларга жазуу-чиймелерди, жаныбарлардын тулкусун тартышкан. Коло жана темир доорлорунда Чыгыш Европанын жана Азиянын малчылык менен кесиптенген көчмөн уруулары айбанаттар стилин түзүшкөн.
Д. Өмүралиев.