АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ КЕКИРТЕКТҮҮЛӨР, о н и х о ф о р а л а р (Protracheata) ‒ омурткасыздар тибинин классы. Териси жумшак, жука келип, курт сымал түспөлдө. Денеси муунактуу, көптөгөн жуп буттары (14‒40) бар. Денесинен анча бөлүнбөгөн баш бөлүгүндө 3 жуп өсүндүсү болот. Биринчи жуп өсүндүсү ‒ узун мурутча. Өтө жай кыймылдаган жырткыч, майда курт-кумурскалар, жөргөмүштөр ж. б. организмдер менен азыктанат, териси жана трахеялары аркылуу дем алат. Денесинин чоӊдугу бир нече ммден 10 смге жетет. Ичегилери өтө жөнөкөй түзүлүштө. Кан айлануу жана нерв системасы муунак буттуулардыкына окшош. Ар кыл жыныстуу. Көпчүлүк түрлөрү жумуртка, кээси тирүүлөй тууйт. Булар тропик жана субтропик токойлордо көп. 1 түркүмү, 2 тукуму, 20дан ашык түрү бар.