АЛБАРСТЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЛБАРСТЫ ‒ диндик түшүнүктөгү жин-шайтандын аял кейпиндеги элестителген сыпаты; чачы жайылган, эмчеги салаӊдаган, эки ийнине арта салган, көрүнчү сөлөкөт. Кыргыздар ‒ албарсты, казактар, түрктөр, татарлар, башкырлар, өзбектер, тубалар, алтайлыктар ‒ албасты, түркмөндөр ‒ ал, албассы, ногойлор менен каракалпактар ‒ албаслы, азербайжандар ‒ хал, халанасы, кумыктар ‒ албаслы катын, балкар менен карачайлар ‒ алмасты дешет. Адам уктап жатканда жүрөк кагышынын начарлап, деми кыстыгып кыйналган же төрөт учурунда кыйналып алсыраган аялдын оор абалын динчил адамдар А-нын басышы менен байланыштырышкан. Мындай түшүнүктөр адам организминдеги физиол. процесстерди билбегендиктен келип чыккан.