АКШАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКШАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ ‒ даны негизинен акшак даярдоодо пайдаланылуучу өсүмдүктөр. Көпчүлүк А. ө. ‒ күрүч, таруу, сорго, конок, чумиза дан өсүмдүктөр уруусуна, кара күрүч ‒ кара күрүчтөр уруусуна кирет. Арпа, сулу, жүгөрү, буурчак жана буудайдан да акшак тартылат. А. ө-нүн даны углевод, белок, витаминдерге бай. Ал ун, крахмал, спирт даярдоодо, үй кушуна жана чочкого, сабагы малга тоют катары пайдаланылат. Өтө баалуу А. ө-нүн бири ‒ кара күрүч. Анын акшагы азыктуулугу, даамы, сиӊимдүүлүгү б-ча жогору бааланат, алар жаздык өсүмдүктөр, жылуучул келип бардык өлкөдө эгилет. Күрүч Индия, Нигерия, АКШда; кара күрүч Польша, Болгария, Францияда ж. б.; чумиза, конок Кытайда көп эгилет.