АКЦЕССОР МИНЕРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(соӊку лат. accessorius ‒ кошумча) ‒ магма жана метамор физм тоотектеринин курамында аз өлчөмдө (1%тен да аз) кездешүүчү минерал, бирок айрым тоотектерге мүнөздүү да болот. Мис.: граниттерге ‒ апатит, магнетит, циркон, ортит ж. б., перидотиттерге ‒ хром-шпинелид, жез сульфиддери, никель, темир ж. б мүнөздүү. Эгер, айрым тоотектерде минералдар көп өлчөмдө кездешсе кенташка айланат. А. минералдары аркылуу магматизм процесстеринин өзгөчөлүгүн, тоотектердин бири-бирине тектештигин, пайда болуусун, талкалануу себептерин, тектердин жашын ж. б-ды аныктоого болот.