АКУСТИКАЛЫК ЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:48, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКУСТИКАЛЫК ЧУУ — гармониялык эмес, ар башка жыштыктагы татаал түзүлүштүү үн. Жаратылышы б-ча А. ч. төрт түргө бөлүнөт: 1) м е х а н и к а л ы к ч у у ‒ катуу нерселердин дирилдөөсүнөн; 2) а э р о- же г и д р о д и н а м и к а л ы к ч у у ‒ кыймылдагы газдардын, буунун жана суюктук басымынын, ылдамдыгынын өзгөрүшүнөн; 3) т е р м и к а л ы к ч у у ‒ жарылуунун же разряддын натыйжасында басымдын кескин чоӊоюп, жылуулуктун өтө тез бөлүнүп чыгышынан; 4) к а в и т а ц и я л ы к ч у у ‒ суюктуктагы аба көбүкчөсүнүн жарылуусунан пайда болот.