АКУНОВА Айнура Рысбековна
(15. 9. 1973, Нарын ш.) – педагог. Кыргыз тилин окутуу жана иликтөө б-ча адис. Педагогика илимд. доктору (...). Нарын педагогикалык окуу жайынын башталгыч мектептин мугалими адистигин (1988–1992), Ж. Баласагын атн. КМУУнун кыргыз филологиясы ф-тетин (1992-96), Кыргыз тилин окутуунун методикасы багытындагы КМУУнун магистратурасын (1996-98), И. Арабаев атн. КМУнун аспирантурасын аяктаган (2002-2006). И. Арабаев атн. КМПУнун филология факультетинде Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын лаборанты (1998-2000), ошол эле жерде Сырттан окуу ин-тунда Гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучусу (2000-2002), И. Арабаев атн. Педагогика ин-тунун Башталгыч мектебинде кыргыз, орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын улук окутуучусу (2002-2008), 2009-жылдан доценттин милдетин аткаруучу, 2010-жылдан ошол эле жерде декандын орун басары, окуу иштери б-ча координатор. Эмг.: 11-класста фразеологияны окутуунун методикасы (Орто мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери жана студенттер үчүн). – Б., 2004; Кыргыз фразеологиясын ЖОЖдо окутуунун методикасы (ЖОЖдун окутуучулары жана студенттери үчүн). – Б., 2008.