АКСИОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

[АКСИОЛО́ГИЯ]

(гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду жана баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу филос. окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий жана социал. факторлору, адам топтору менен байланышы ж-дөгү илим. Терминди илимге 20-к-да француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук ил. түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ жана терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө ил. тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар менен адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мис., атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири ил. баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт. 

Т. Эсенгелдиев.