АКНЕТ
АКНЕТ(aknet) – бүткүл дүйнөлүк тармак базасында компьютердик системаларга тех. колдоо жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу интернет‑сервис провайдер (компьютерди интернетке кошо турган кызмат) компаниясы. 1998‑ж. уюшулган. Компания КРдин байланыш жана маалымат технологиясы тармагындагы өз иш‑аракетин мыйзам чегинде аткарат. Интернет тармагына абоненттердин чыгуусун КР УИАнын имаратында орнотулган менчик, 6 м антенналуу спутник байланыш станциясы аркылуу жүргүзөт. А. компаниясы Москва менен түздөн‑түз спутник каналы аркылуу байланышат. Спутник каналына жана интернет тармагына чыгууну, LOCKNEED MARTIN GLOBAL TELECOMMUNICATIONS транснационалдык корпорациясынын курамына кирген амер. BELCOM компаниясы жүргүзөт. А. колдонгон бардык жабдыктар Кыргызстандартта жана КРдин элдик байланыш агентчилигинде тастыкталган. А. интернетке 2 топтогу, б. а. бөлүнгөн зым кермелер жана коммутациялар б‑ча чыгат (dialup). Бөлүнгөн зым кермелер б‑ча же күнү‑түнү интернетке чыгууну– чоң трафиктүү маалыматты жөнөтүү жолу же менчик маалымат ресурстары барлар, интернет провайдерлер корпоративдүү тармакты уюштурууда колдонушат. Ал эми интернетке такай чыгууда каалаган жеке колдонуучуларды, офистик жана жерг. тармакты интернетке туташтырууну чечүү, маалымат серверлерин бүткүл дүйнөлүк маалымат мейкиндигинин бөлүгү кылуу, алыстагы филиалдарды тармактын жардамы менен бириктирүү, деги эле өзүбүз үчүн интернет кызматын көрсөтүү ишке ашырылат.
У. Н. Биримкулов.