АКМОЛО ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМОЛО ОБЛУСУ Россия империясынын курамына кирген Сибирдеги Кыргыз облусу. Өз алдынча адм.-айм. бирдик болгон. Батыш Сибирдин түш.-батышында жайгашкан. 1868-ж. 21 (2. 11)-октябрда түзүлгөн. Борбору – Омск ш. Батыш Сибирь (1868–82) жана Талаа (1882–1917) генерал-губернаторлуктарынын курамына кирген. Уезддери: Акмоло, Ат-Басар, Көкчө-Тоо, Омск, Петропавловск. Аянты 582,9 миң км2. А. о-на 1860-ж. Европадан келген дыйкандар активдүү отурукташа баштаган. Дан эгиндерин өндүрүүнүн (Сибирь казактары жана дыйкандар товар менен камсыздап турушкан) негизги аймагы. Өнөр жай өндүрүшү начар өнүккөн. А. о-нда 20-к-дын башында завод-фабрикада иштеген жумушчулардын саны болгону 5,5 миңди түзгөн. Облустун соодасы жайма базарларда (19-к-дын аягында соода жүгүтүүсү 5 млн рубль) жүргүзүлгөн. А. о-нун аймагынан Батыш Сибирь т. ж. өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында өкмөт казак калкын тылдагы жумуштарга күчтөп салып турушкан. Ошонун негизинде 1916–17-ж. О. Азия көтөрүлүшү чыккан 1918-ж. Омск облусу аталган. А. В. Колчактын өкмөтү мурунку атын кайтарган. Сибирь революция комитетинин токтому менен 1920-жылдын 3-январында А. о. жоюлуп, анын негизинде Омск губерниясы түзүлгөн. Калкы 1,1 млн (1925). А. ч., көчмөн мал чарбачылыгы, көчмө жана ички жайма базарлары (Кызыл, Ат-Басар) жана соодасы өнүккөн. А. г-сы 1928-ж. 17-январда жоюлган.