АККУМУЛЯЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геол. процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана минералдык заттардын, орг. калдыктардын жербетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолушу. Алардан кийин диагенездин натыйжасында катуу чөкмөтектер пайда болот. А‑нын жанартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолушун субаквалдык А., кургактагысын субаэралдык А. деп аташат. А‑нын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу деңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген А‑сы болуп бир нечеге бөлүнөт. А‑нын натыйжасында аккумуляциялык рельеф пайда болот.