АККУМУЛЯТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (2), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

(лат. accumulo – жыйнайм, чогултам) – учуру келгенде пайдалануу макса­тында электрдик энергия топтоочу түзүлмө, ал батарея деген ат менен да белгилүү. Аларды за­рядцоонун жүрүшүндө хим. энергияны электр энергиясына өзгөртүүчү электр‑хим. элемент колдонулат. Азыркы мезгилде көп таралган коргошун‑кислоталуу А‑ду 1859‑ж. фр. физик Гастон Планте ойлоп тапкан. Топтолгон энер­гиянын түрүнө жараша А. электрдик, гидрав­ликалык, жылуулук, инерциялык болуп бөлүнөт. Электрдик А. электр энергиясын хим. энергияга айландырып чогултат. Керек болгон­до ал энергия хим. реакциянын негизинде кай­ра электр энергиясына айландырылып, электр тизмегине берилет. Электрдик А‑дун кислота­луу жана жегичтүү деген эки түрү бар. Кисло­т а л у у А‑дун электр кыймылдаткыч күчү жана пайдалуу аракет коэффициенти чоң болгондук­тан, кыймылсыз кубаттуу орнотмодо колдону­лат. Жегичтүү А. – жеңил жана жөнөкөй жасалгандыктан транспортто кеңири пайдала­ньшат. ГидравликалыкА. суюктуктун же газдын басымын жана чыгымын теңдөө үчүн гидравликалык орнотмодо пайдаланылат. Ж ы­л у у л у к А. өнөр жай орнотмолорун буу жана энергия менен үзгүлтүксүз жабдуу, жылуулук жана күч берүүнү теңдөө максатында жылуулук энер­гиясын чогултат. Инерциялык А. сырткы күчтөрдүн кыймылын кинетикалык энергияга айландырып, аны кайра пайдаланат. Мис., ай­лануучу күүлөндүргүч дөңгөлөк.