АКЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (5), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКЕ, а г а, а б а, б а й к е – 1) өзүнөн улуу эркек кишилерди урматтоо, сыйлоо, ызааттоо иретинде айтылуучу сөз; 2) айрым жерлерде кыр­гыздын салты б‑ча туугандардын ичинде келин­дердин кайнагаларын тергегени. Мында кайсы кайнагасын айтып жатканын дааналоо үчүн алардын ар кимисине көмөкчү аттарды коюп аташкан (молдоаке, төкөраке); 3) калыс болуп, адилеттикти туу тутуп, турмушта чындыктан тайбаган, эл мүдөөсүн аркалап, келечекти көрө билген акылман, калың журттун сый‑урматы­на ээ болгон даанышман инсандардын ардак­туу наамы. Өткөн замандарда эл ичинде талаш­тартыштарды акыйкаттык менен чечкен адамдын аброю жогорулап, барган сайын А. деп атала баштаган. Мындай А‑лер ар бир элде, урууда болгон. Мис., 18‑к‑дын аягы – 19‑к‑дын башын­да Ысык‑Көл өрөөнүндө Мойт жана Сарт аттуу адамдар жашап, алар өздөрүнүн акылмандуу­лугу менен жалпы элге белгилүү болушкан. Алар өздөрүнүн баалуу кеңештери, нускалуу сөзү, жасаган иштери менен көл кылаасындагы элде кадыр‑баркка ээ болушуп, чоң жыйындар алар­сыз өтпөптүр. 1840‑ж. Жыргалаң суусунун бо­юнда чоң жыйын өткөрүлүп, тарыхта белгилүү инсан Тилекмат Жылкыайдар уулу элге: мын­дан ары Мойт атаны, Сарт абаны «Аке» деп ардактайлы деген сунуш менен кайрылганда, эл жапырт колдоп, ошондон алар Мойт аке (90дон өткөн учурда), Сарт аке (80ге караган кезде) ата­лып калат. Ошондон кийин бул тараптан Са­дыр аке, Карач аке, Кыдыр аке өндүү акылман­дар чыгат. Кийинки учурда аларга Карга аке менен Тилекмат аке кошулуп, бардыгы жети А. эл арасында айтылып жүрөт.
К. Асанбеков.