АКВАТОРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
(лат. aqua – суу жана territorium территория) – океандын, деңиздин, суу сактагычтын же порттун белгиленген чегиндеги суу бети (мейкиндиги). А. жүк жүктөө жана түшүрүү үчүн кемени токтотууга (порт А‑сы), кеме курулушунун акыркы жумуштарын бүтүрүүгө жана кеме ремонттоого (завод А‑сы), техниканы сыноого (суу полигону) пайдаланылат.