АКВАРИУМ
АКВАРИУМ (лат. aguarium, agua – суу) – 1) сууда жашоочу өсүмдүк жана жаныбарларды өстүрүү жана багуу үчүн атайын идиш. Багылуучу өсүмдүк, жаныбардын жашоо шартына ыңгайланып, А‑дун түзүлүшү жана формасы, өлчөмү ар түрдүү болот. Ал жалаң айнектен же каркасы металл, капталдары айнектен, кээде орг. айнектен жасалат. Балыкты багуудагы зарыл шарттардын бири – А‑дагы суу ну кычкылтек менен каныктыруу жана зарыл туздун курамын камсыз кылуу. Сууну кычкылтек менен каныктыруу үчүн А‑га суу өсүмдүгүн салып, ага 1 суткада 10‑12 саат жарык жиберүү керек. Өсүмдүк жарыкта аквариум балыктары бөлүп чыгарган көмүр кычкыл газды сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгарат; суудан орг. жана орг. эмес заттарды сиңирет. А‑дун түбүнө арык кумун таза жууп пайдаланса болот. Өсүмдүктөрдөн суунун үстүндө калкып жүрүүчү сальвиния, суу салаты, суунун ортосунда сүзүп жүрүүчү элодея, людвигия ж. б. суунун түбүндө тамырлануучу валлиснерия, жебе жалбырак ж. б. пайдаланылат. Бөлмөдө А‑дун болушу абанын нымдуулугун жогорулатат. 2) Изилдөө жана көргөзүү максатында деңиз жана тузсуз сууда жашоочу фауна жана флора өкүлдөрүн кармоочу атайын мекеме. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Деңиз жаныбарларын кармоо үчүн деңиз жээгинде жайгаштырылат. Мындай А. 1‑жолу 19‑к‑дын 2‑жарымында уюшулган (1871‑ж. Севастополдо, 1872‑ж. Неаполдо). Айрым деңиз A‑у океанириум деп аталат.