АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТА СҮЗҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИЯЛЫК КАЙЫКТЫ СҮЗҮҮкайык спортунун бир түрү; спорттук атайын кайыкта жарышуу. Жарышуу үчүн – скиф, үйрөнүү үчүн клинкер тибинде жасалган кайыктар колдону­лат. Академиялык кайык эки калак менен айда­луучу, 1, 2, 4 кишилик жана бир калак менен айда­луучу 2, 4, 8 кишилик болуп бөлүнөт. Кайык­тардын түзүлүшү, формасы жана көлөмү ар кан­дай болушу мүмкүн, бирок ар бир кайыктын учу (мурду) 4 см ак түстөгү резина шары менен жабдылат. А. к. с. спорту 19‑к‑дын 1‑жарымын­да Улуу Британияда пайда болгон. Эл аралык федерациясы 1892‑ж. уюшулган. 1900‑ж. олимпиадалык оюндардын, 1962‑ж. дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Кыргызстанда А. к. с. б‑ча А. Водоватов дүйнөнүн 2 жолку чемпиону. Мелдештер Чүй каналында жана Ысык­-Көлдө өткөрүлөт.