АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ӨЛӨҢ СИЕНИТ КЕНИ Ысык‑Көл обл‑нун Тоң р‑нунда, Балыкчы ш‑нан 18 км түштүктө, Ак‑Өлөң кыш‑нан 4 км түш.-батыш тарапта, Оттук тоосунун түш. этегинде, деңиз деңг. 1720– 1860 м бийиктикте жайгашкан. 1974‑75‑ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы таш көмүр мезгилинин аягы‑пермь мезгилинде пайда болгон сиенит тоо тектеринен түзүлгөн. Кен ири кристаллдуу сиенит штогунан турат. Штоктун уз. 230 м, туурасы 100–130 м. Ири кристаллдуу сиенит боз, көгүлтүр жана бозомук кызгылт түстө болуп, анортоклаз, биотит, роговой обманка ж. б. минералдардан түзүлгөн. Алардын эң коо­зу жана кубулжуп көрүнгөнү – анортоклаз. Ал башка кристаллдарга караганда бир нече эсе чо­ңураак келип, сиениттин порфир сымал негиз­ги структурасын түзөт. Мында ири кристалл­дар 15‑60%. Алардын уз. 30 см, туурасы 8 смге жетип, жылмаланган таштын бетин караганда күнгө кубулжуп, кооздугу менен асылдуулугун арт­тырат. Блоктордун чыгышы 64,7% ти түзөт. Ка­лыңдыгы 40 мм болгон даяр такталардын чы­гышы 9,9 мг3. Уз. 1–2 мге жеткен бышык жана жакшы жылмаланган такталар алынат. Кендин запасы А категориясы б‑ча 356,6 миң м3, В–595,1 миң м3, C1- 390,9 миң м3. Алар м­н имараттардын ички жана сырткы дубал бетте­рин каптап кооздосо болот. Ал эми кубулуп турма кооз кристаллдар майда асем буюмдарды жасоого жарактуу.