АК-ШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ Баткен р-нунда, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түн. капталындагы Ак-Шагыл тоосунда, деӊиз деӊг. 1150‒1921 м бийиктикте. 1963‒66-ж. кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы ортонку-жогорку девондун жана төмөнкү-ортонку таш көмүр мезгилинин карбонаттык катмарларынан турат. Кенташ (руда) тулкулары кыска линза жана уя сымал топтолуп, ортонку девондун акиташ тегинде жатат жана ортонку таш көмүр мезгилинин акиташ-доломит брекчиялары менен жабылган. Кенташ (руда) тулкуларынын саны 60ка жетет, калыӊдыгы 0,5‒4 м. Кенташтын минералдык курамы б-ча диаспор-темирлүү боксит үстөмдүк кылат. Алюминий кычкылынын өлчөмү 52‒57%. Ак-Шагыл кенинин бокситтери өнөр жайлык жогорку сапаттагы Б-3 жана Б-1 маркасына тиешелүү. Алюминий кычкылынын (бокситтин) болжолдуу запасы 391 миӊ т.