АСПИРАНТУРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:27, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПИРАНТУРА (лат. aspirо ‒ умтулам, аракеттенем) ‒ илимий ж-а илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо формасы. Аспирантура жогорку окуу жайында, ИАларда ж-а илимий-изилдөө институттарында уюштурулган. Аспирантуранын күндүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Күндүзгү (35 жашка чейинкилер үчүн 3 жыл мөөнөт м-н) ж-а сырттан окуу (45 жашка чейинкилер үчүн 4 жыл мөөнөт м-н) бөлүмдөрү бар. Аспирантурага жогорку билимдүү, илимий ишке шыктуу, адистиги б-ча 2 жылдан кем эмес стажы бар, ал эми жогорку окуу жайларын жаӊы бүтүргөндөр үчүн институттун окумуштуулар кеӊешинин сунушу б-ча конкурстук кирүү экзамендерин ийгиликтүү тапшыргандар кабыл алынат. Кирүүчүлөр жарык көргөн илимий эмгектерин же докладдарын (реферат) тапшырышат. Алар жактырылгандан кийин үч предметтен: адистиги б-ча, илимдин тарыхы ж-а философиясынан, чет тилинен экзамен тапшырышып, сыноодон өтүшөт. Аспирант жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеӊеши же илимий-изилдөө институту бекиткен жекече окуу планы м-н иш алып барат. Ар бир аспирантка илимий жетекчи (илимдин доктору же кандидаты) бекитилет. Өндүрүштө иштеген аспиранттарга аспирантурага киргенге чейин айлык акысынын көлөмүнө жараша стипендия (ай сайын) төлөнөт ж-а ар жылы 2 айга каникул берилет. Өндүрүштө иштеп, жекече планын аткарган аспиранттар үчүн ар жылы эмгек акысы сакталып, кошумча дагы 30 күн дем алыш, ал эми жумасына 6 күн иштегендерге болсо, кошумча дагы бир күн кошулуп берилет.