АК ОРДО
Jump to navigation
Jump to search
АК ОРДО – Алтын Ордонун эки канатынын бири; аны Жучунун уулу Батый жана анын укум-тукумдары башкарган. Алтын Ордо аталышы Батыйдын доорунан тартып, Жучу улусунун бардык аймактарына карата айтылса, 14‑к‑дын башынан А. О‑го гана тиешелүү айтылып калган. А. О. Батыйдын жана анын бир туугандары: Беркенин (Түн. -Чыгыш Кавказ), Шибананын (азыркы Казакстан жана Батыш Сибирь), Мовалдын (Кара деңиздин бойлору) улустарынан турган. Кийин Батый менен Беркенин улустары кошулуп кеткен. 15‑к‑да А. О‑нун аймагында Чоң ордо, Ногой ордосу, Өзбек, Казан, Крым, Сибирь хандыктары пайда болгон.
Р. Жолдошов.