АЙЮБИДДЕР
АЙЮБИДДЕР – 12–14‑к‑дагы Жакынкы Чыгыштагы султандар династиясы. А. династиясы 1171‑ж. Египетте шииттердин Фатимиддер династиясы кулатылган соң, Салах‑ад‑Дин Юсуф ибн Айюб тарабынан негизделген жана анын атасы Айюб ибн Шадинин ысмынан аталган. Шарттуу түрдө А. Аббасиддердин бийлигин тааныган, бирок мусулман дүйнөсүндө өз бийлигин толук орнотууга умтулушкан. 1238‑ж. А. ич ара чыр‑чатактардын айынан өз алдынча эки ээликке бөлүнүп кеткен. Египеттеги А. (теги б‑ча курддар) алгач курд аскер башчыларына, кийинчерээк теги түрк мамлюктарга таянып бийлик жүргүзгөн. Египеттик А. 1250‑ж. мамлюктар төңкөрүшүнүн натыйжасында бийликтен айрылышкан, ал эми алардын калган бутактары 12–14‑к‑да Египетте, Сирияда, Месопотамияда жана Түш. Аравияда бийлик жүргүзүшкөн. Мамл. башкарууда жана маданий чөйрөдө А. иран‑түрк салттарын бекемдешкен.