АЙЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:17, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫР (Acorus) – ароиддер тукумундагы өсүмдүк уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр сабагы жоон, сой­лоп өсөт, чачы тамырлуу, жалбырагы ичке кы­лыч сымал, уз. 1 мге жетет; топ гүлү – сото. Анын 2 түрү белгилүү. Кыргызстанда (Ысык‑Көлдүн чыгы­шында) кездешет. Өзөн, көлмө жээктеринде жана саздарда өсөт. Вегетативдик жал менен көбөйөт. Та­мыр сабагынан эфир майы алынат, ал парфюме­рия, кондитер ө. ж‑да, о. эле андан алынган дары­лар медицинада боор, өт, бөйрөк жана борб. нерв системасынын ооруларын дарылоодо колдонулат.