АЙЫЛЧИЕВ Асанбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:16, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛЧИЕВ Асанбек (21. 2. 1930, Чүй обл., Сокулук р‑ну, Октябрь айылы – 10. 9. 2003, Бишкек) – педагог, физика‑математика илимдеринин кандидаты (1972), профессору (1991). КРдин илим жана техника б‑ча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыр­гыз мамлекеттик университетинин физика‑математика факультетин бүтүргөн (1953). Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын жана В. В. Маяковский атындагы Кыр­гыз кыз‑келиндер педагогикалык институнун математиканы окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуу­чусу (1953‑57), кафедра башчысы (1960‑76), педагогикалык факультеттин деканы (1976‑97) болуп эмгектенген. ЮОдөн ашык илимий эмгектердин, окуу китептери­нин автору. «Ардак Белгиси» ордени менен сый­ланган.