АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:16, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН ИНФРАСТРУКТУРАСЫ – а. ч. тармагын тейлөөчү материалдык‑тех. жабдуулар комплекси. Ал башка тармактарга, мис., жол, байланыш, электр, маданий тейлөө ж.б‑га көз каранды. Арналышы б‑ча эки багытка (өндүрүштүк жана социал.) бөлүнөт. Өндүрүштүк А. ч. и. – а. ч. өндүрүшүн камсыз кылуучу тар­мактардын жана мекемелердин жыйындысы (электр, жылуулук, газ, сактоочу, муздатуучу жайлар жана а. ч. продукцияларын ташууну кам­сыз кылуу). Социал. А. ч. и. – социал.-маданий шарттарды камсыз кылууга багытталган меке­мелердин, курулуштардын жыйындысы. А. ч. өндүрүшү үчүн социал. инфраструктураны кам­сыз кылуу өтө маанилүү. Анткени, айыл же­ринде туруктуу эмгек жамааттарынын түзүлү­шү жана калыптанышы, адистердин иштеп ке­тиши социал. инфраструктурага байланыштуу.