АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ
АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ – а. ч. товарларын өндүрүүчүлөрдүн экон. ж. б. керектөөлөрүн канааттандыруу максатында өндүрүштүк же башка чарбалык иш үчүн акчалай бааланган алардын мүлктүк, үлүштүк мүчө акыларын бириктирүүнүн негизинде уюшулган ыктыярдуу бирикме. Кооператив ыктыярдуу негизде түзүлөт ж‑a мүчөлөрүнүн саны жетиден кем болбоого тийиш. Анын мүчөлөрүнүн жер үлүшү өз менчигинде калат ж‑a кооперативге ижарага гана берилүүгө тийиш, о. эле мүчөнүн үлүштүк акысы кооперативдин фондуна акчалай төгүлөт. Үлүштүк мүчөлүк акы катары мал, а. ч. техникасы, акчалай наркы бар башка мүлктөрүн кошууга болот. Кооператив ишинин түрүнө жараша өндүрүштүк, кайра иштетүүчү ж‑a сервистик болуп түзүлүшү мүмкүн. Өндүрүштүк кооперативде а. ч. продукциялары биргелешип өндүрүлөт. Кайра иштетүүчү кооперативде а. ч. продукциясы кайра иштетилип, жаңы азык‑түлүк алынат. Сервистик кооператив а. ч. продукцияларын сатуучу, о. эле аны сактоо, сорттоо, тадгактоо, кургатуу, жууп‑тазалоо, бөлүштүрүү, ташуу, мелиорация лык, унаа менен камсыздоо, курулуш, ветеринардык жактан тейлөө, жер семирткичтерди ж‑a химикаттарды колдонуу б‑ча иштерди, и л.-консультация лык, маалыматтык, маркетингдик ж. б. кызматтарды аткарат.
А С. Ажыбеков.