АК-ШАГЫЛ АЛЮМИНИЙ КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
Баткен обл-нун Баткен р-нунда, Түркстан, Алай кырка тоолорунун түн. капталындагы Ак-Шагыл тоосунда, деӊиз деӊг. 1150‒1921 м бийиктикте. 1963‒66-ж. кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы ортонку-жогорку девондун ж-а төмөнкү-орт онку таш көмүр мезгилинин карбонаттык катмарла рынан турат. Кенташ (руда) тулкулары кыска линза ж-а уя сымал топтолуп, ортонку девондун акиташ тегинде жатат ж-а ортоӊку таш көмүр мезгилинин акиташ-доломит брекчиялары м-н жабылган. Кенташ (руда) тулкуларынын саны 60ка жетет, калыӊдыгы 0,5‒4 м. Кенташтын минералдык курамы б-ча диаспор-темирлүү боксит үстөмдүк кылат. Алюминий кычкылынын өлчөмү 52‒57%. Ак-Шагыл кенинин бокситтери өнөр жайлык жогорку сапаттагы Б-3 ж-а Б-1 маркасына тиешелүү. Алюминий кычкылынын (бокситтин) болжолдуу запасы 391 миӊ т.